Жалал-Абадда бычакталган киши шектүүлөр коё берилгенин айтып чыкты. Сот аны төгүндөдү

Жалал-Абад шаарындагы Brosco ресто-барында бычакталган киши ага кол салган шектүүлөр үй камагына чыкканын айтып чыкты. Анын президент Садыр Жапаровго кайрылуусу 6-октябрда социалдык тармактарга жарыяланды.

Бычак жеген жабырлануучу учурда балдак менен басып жүргөнүн белгилеп, майып болуп калганын айтты.

«Байышов деген сот мени бычактаган балдарды “майда бейбаштык” деп үй камагына чыгарып койду. Чындык каякта калды, каякка баралы?» — деди ал.

Шаардык сот эмне дейт?

Жалал-Абад шаардык сотунан «Клоопко» жабырлануучунун айткандарын төгүндөп, «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен айыпталган шектүү 7-ноябрга чейин камакка алынганын билдиришти.

«Ошол эле иш боюнча “Бейбаштык” беренеси менен айыпталган экинчи айыпкер 5-октябрда шаардык милициянын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, 18-ноябрга чейин үй камагына чыгарылган», — дешти шаардык соттон.

Жалал-Абад шаарында 35 жаштагы тургун Brosco ресто-барынын алдында бейтааныш 18-20 жаштардагы жигиттен сегиз жолу бычак жеп, ооруканага түшкөнү тууралуу 7-сентябрда кабарланган.

Бул боюнча шаардык милиция «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну кармалган.

Соцтүйүндө кылмыш катталган эс алуучу жай УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге тиешелүү экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддагы түнкү клубда тургунга сегиз жолу бычак сайган киши кармалды