Израилдеги кырдаал: ТИМ кыргыз жарандарын куралдуу жаңжал болуп жаткан аймакка барбоого чакырды

Израилдеги согуштук аракеттер маалында кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат түшкөн жок. Бул тууралуу 7-октябрда Кыргызстандын Израилдеги элчилиги билдирди. Мекеменин имараты Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан.

Элчилик Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кагылыш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды.

Ошондой эле элчиликтен израил тарап менен кырдаалга байкоо жүргүзүп жатканы жана ал жердеги кыргызстандыктар менен байланышта экенин белгишти. Зарыл болгон учурда +90 5456896800 номерине чалуу керектигин эскертишти.

Израилде эмне болуп жатат?

Тель-Авивдеги Палестинанын ракеталык соккусунан кыйраган имарат. Сүрөт: REUTERS

7-октябрдын таңында палестиндердин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди ракета менен аткылай баштаган. Аталган топтун мүчөлөрү Израилдин Палестинага чектеш шаарларына кирип келгени кабарланган.

Мындан улам Израилде расмий түрдө согуштук абал жарыяланып, чукул кырдаал киргизилген. Израилдин армиясы «Темир кылыч» деп аталган операция баштап, Газа тилкесине абадан сокку урду.

ХАМАС тобу болсо Израилди Иерусалимдеги «Аль-Акса» мечитин басып алууга айыптап, операциясынын аталышын «Аль-Аксадагы суу ташкыны» деп атаганы айтылууда.

Буга чейин The Times of Israel гезити куралдуу кагылыштын кесепетинен жабыркагандардын саны 1 864кө жеткенин жазды

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги ХАМАС тобунун чабуулунан кеминде 250дөн ашык киши мерт кетип, 1,8 миңден ашуун адам жарадар болгонун билдирди.

Ал эми Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде Израилдин сокуусунан 230дан ашуун тургун каза болуп, 1,7 миңден ашык киши жаракат алганын кабарлады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп эмгектенет