Руслан Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп эмгектенет

Руслан Казакбаев

Руслан Казакбаев Түркиядагы элчи кызматын улантуу менен бирге Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 22-июнда президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Руслан Казакбаев 2020-жылдын 14-октябрында тышкы иштер министри болуп дайындалып, 2022-жылдын апрелинде кызматтан кеткен.

Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Казакбаевдин кызматтан алынганын башка ишке өткөнү менен түшүндүргөн. Бирок анын кайсы кызматка дайындалганы ачыкталган эмес. ТИМге келгенге чейин Казакбаев 2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынан парламентке депутат болгон.

2022-жылдын ноябрынан бери ал Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп эмгектенүүдө. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды