Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Нурсултан Усубалиев. Сүрөт: Президенттик администрация

Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров 9-октябрда кол койду.

Маалыматка ылайык, отуз жаштагы Усубалиев буга чейин президенттин Протокол кызматынын эксперти болуп эмгектенген.

Буга чейин Temirov Live командасынын иликтөөчү журналисттери Усубалиев коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин уулу экенин билдиришкен.

Ал эми Жапаровдун мурдагы жардамчысы Эрнис Ашырбаев президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Ал 2021-жылдын май айынан тарта президенттин жардамчысы кызматын аркалап келген