Бишкектеги №1 тергөө абагында аял кыйноого кабылганын билдирип, ачкачылык жарыялады

Адвокат Шердор Абдыкапаров 24.kg’нин журналистине Бишкектин №1 тергөө абак жайында отурган аял кыйноодон улам өз жанын кыюуга аракет кылганын билирди.

Абдыкапаров коргоп жаткан адамынын астмасы бар экенин жана аны кыйнап тар бөлмөдө кармап жатышканын билдирди. Жабырлануучунун эжеси дагы тууганы ТИЗОдо кыйноого кабылып, арка жону менен бөйрөк тушуна сокку жегенин билдирди.    

Сүрөт: Шердор Абдыкапаров

«Арка жонум жабыркады. Азыр катуу ооругандыктан ажатканага бара албай жатам. Буга чейин дагы ушундай [кыйноо] эле окуя болуп, бир кыз асынып алган. Бирок ишти жашырып тынышкан. Эми болсо, сот процесстери бүттү, мени түрмөгө которгону жатышат. Мен болсо өз алдымча кийине да албай калдым. Беш күндөн бери ачкачылык кармап жатам», — деп келтирди адвокат аялдын билдирүүсүн. 

Ошондой эле жабырлануучу кыйноонун айынан өз жанын кыюуга аракет кылып, бирок аны куткарып калышканын кошумчалаган. 

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Кызмат иштин башка чоо-дайын билдирген жок.