«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрь күнү кечинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасын карады.

Сот Салимовду эки айга камоо чечимин чыгарып, 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна киргизди. ЖМК анын адвокатына таянып, сот отурумунда Салимовдун кан басымы көтөрүлүп, тез жардам алып кеткенин жазышты.

Турсунтай Салимов 7-октябрь күнү кечинде кармалган. ЖМКнын маалыматына караганда, ага «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча айып тагылууда.

Ал кримавтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы экени маалымдалган. Бирок Салимов өзү сотто бул маалыматты четке кагып, Көлбаев жөн эле кошунасы экенин билдирген.

«Биз аны менен кээде көрүшүп, учурашып калчубуз. Ошон үчүн эле бүгүн мына ушул жерде отурам. Ал экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок», — деди ал.

УКМК же укук коргоо органдары Салимовдун кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин УКМК 4-октябрда атайын операцияда жок кылынган Камчы Көлбаевдидин (Камчыбек Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобун зыянсыздандыруунун баштапкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берген.

Атайын кызмат «Асанбектин жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалоо жана рейдерлик басып алуу жолу менен табылган мүлктөрү менен активдерин адалдаштырууга, ошондой эле башка оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого тиешеси бар» кылмыштуу топтун 40тан ашуун активдүү мүчөсү жана лидерлери кармалганын айтып берген.

Башкыдагы сүрөт: 24.kg