«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады

УКМК кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кырктан ашык активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларды түзөт, алар камакка алынды.

«Көлбаевдин, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн 850дөн ашык мыйзамсыз кыймылсыз мүлкү: особняк, коттедждер, элиталык клубдар, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу унаалар, зер буюмдар жана башкалар бар. Курулуп жаткан эки гана имаратта Көлбаев 700дөн ашык батирге ээ болгон. Кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды», — дешти УКМКдан.

Билдирүүдө Көлбаев кылмыштуу топту 2008-жылы түптөп, максаттуу «кылмыштуу империя» түзүп, жакындары менен бирге баюуну көздөгөнү айтылат.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Көлбаевдин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана ишкерлерден тартып алынган. Дагы бир бөлүгү жаза аткаруу мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан байма-бай акча талап кылуу болгон.

«Бул Көлбаевдин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыгы гана, издөө иштери өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, анын бизнес кызыкчылыгы болгон Орусияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде жана Жапонияда улантылат», — дешти атайын кызматтан.

УКМК аныкталган мүлк тиешелүү тараптарга кайтарыларын белгилеп, мындан ары кылмыштуу топторго катуу чара көрүлөрүн эскертти. 

Буга чейин, өзүн Көлбаевдин жубайымын деген аял бийликтегилерден жакындарын тынч коюну суранган. Ал жолдошу өмүр бою ак эмгек менен акча таап келгенин белгилеп, кредитке салынган имараттар алардын жалгыз киреше булагы экенин айтып, бийликтен кирешесиз калтырбоону өтүнгөн.

Көлбаевдин өлүмү

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болчу. Ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары ИИМдин каттоосунда турган. Ал өлкөдө «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал эле.

Көлбаев 4-октябрда кармоо операциясы учурунда УКМК тарабынан жок кылынган. Аны кармоого дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгон.

Кармоо учурунда кримтөбөл УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөнү айтылат.

УКМКдан ага карта «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери менен кылмыш иштери козголгонун белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мындан ары кримчөйрө болбойт». Ташиев ишкерлерди кылмыштуу топторго акча бербөөгө чакырды

Өзүн Көлбаевдин жубайымын деген аял бийликтен жакындарын тынч коюнун өтүндү