Бир кадр менен: Путин Бишкекке расмий сапары менен келди

Орусиянын президенти Владимир Путин 12-октябрда эртең менен Бишкекке расмий сапары менен келди. 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Путинди «Манас» эл аралык аэропортунда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. 


Владимир Путин жана Акылбек Жапаров «Манас» аэропортунда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Путин сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ЖККУнун Канттагы Авиабазасынын ачылышынын 20 жылдыгынын юбилейине катышары пландалып жатат.

Мындан тышкары, 13-октябрда Бишкекте КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

2023-жылдын мартында Гаагадагы Эл аралык жазык соту Украинага каршы аскердик кылмыштары үчүн Путинди камакка алуу боюнча ордер чыгарган. Бул эгер Путин Рим статутун ратификациялаган өлкөгө барса, кармалышы керек дегенди түшүндүрөт.

Эл аралык жазык сотунун мыйзамдуулугун Европа Биримдигиндеги өлкөлөр, Түштүк Африка, айрым африка өлкөлөрү, ошондой эле Тажикстан жана Ооганстанды кошкондо 123 өлкө тааныйт. Рим статутуна АКШ, Кытай, Индия, Орусия, Израиль, Түркия жана Иран кол койгон эмес.

Кыргызстан Эл аралык жазык сотунун Рим статутуна 1998-жылдын 8-декабрында кол койгон, бирок ратификациядан өткөргөн эмес