Бишкек: Жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан кайгуул кызматкерин унаа коюп кетти

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жаткан күнү жол кыймылын көзөмөлдөгөн кайгуул кызматкерин унаа сүзүп кетти. Соцтүйүндө окуянын видеосу тарады.

Тасмадан айдоочу кызматкердин токто деген белгисине карабай сүзгөнүн көрүүгө болот. Кызматкер жерге жыгылган соң туруп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан «Клоопко» окуя 13-октябрда 20:00 чамасында Жибек Жолу жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдиришти.

Кызматкерди 51 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен. Унаа айып короого токтотулган соң тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Бишкекте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешине байланыштуу шаарда бир катар чектөөлөр киргизилген. 12-13-октябрь күндөрү шаардагы бала бакчалардан баштап, жогорку окуу жайларга чейин аралыктан окутууга өткөн.

Кайгуул милиция кызматынан саммит учурунда көчөлөрдө 700дөн ашык кызматкер иш алып барганын кошумчалашты.