«Мугалими телефонун алып койгон». Жалал-Абадда окуучу кыз экинчи кабаттан секирип кетти

Жалал-Абад шаарында окуучу кыз мектептин экинчи кабатынан боюн таштап, буту сынды. 14-октябрда облустук милициядан «Клоопко» кыз мындай кадамга «мугалими телефонун алып койгону үчүн» барганын билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-октябрда милицияга 32 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал 11 жаштагы кызы телефонун мугалим алып койгондуктан мектептин экинчи кабатынан секирип кеткенин айтып берген.

Өспүм азыркы тапта ооруканада, абалы туруктуу деп бааланууда. 10 күндөн соң операция жасалары айтылды. Окуяны милиция териштирип жатат.

Бишкекте өткөн жылы 9-класстын окуучусу экинчи кабаттын терезесинен секирип кетип, жамбашы сынган. Анда кыз ата-энеси менен болгон чырдан улам секирип кеткени айтылган. Бул боюнча кызматтык иликтөө башталган.