Азербайжан Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана кура баштады — инвестмакулдашууга кол коюлду

Кыргызстан менен Азербайжан Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу отель куруу жөнүндөгү инвестициялык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбук аркылуу билдирди

Ал объект «заман талабына ылайык» бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен болот деп белгиледи. 

«Кыргызстандын жаратылышы туристтик потенциалы жагынан бир катар өлкөлөрдөн алдыда турат. Кудай бизге төрт мезгилди өз убагында берген. Ошол эле кезде, төрт мезгилди бир убакта көрсө болот. […] Тилекке каршы көп убакыттардан бери туристтерге шарттар түзүлгөн жок. Союз мезгилинде курулган имараттардын кызмат көрсөтүү мөөнөтү эбак эле бүткөн. Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттеждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат», — деп белгиледи Туманбаев. 

19-сентябрда парламенттин профилдик комитети Кыргызстандын минкабы менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана салуу үчүн делген инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактырган

Документтеги маалыматка ылайык, мейманкананы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында 17,24 гектар жерге, 3 жыл ичинде куруу пландалып жатат. Ошол эле маалда, жер инвесторго 49 жылга ижарага берилет. Ошондой эле Азербайжан жумушчулардын 70%ын Кыргызстандан алууга милдеттендирилет.

Ага жооп катары минкаб инфраструктура жеткирип, пансионатка чейин жол салып, ошондой эле мейманкананы 10 жылга салык төлөөдөн бошотот. 

Президенттин алдындагы Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов «бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат» деп билдирди.