Орусия кыргыз ӨКМне Ми-8 тик учагын берди

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Орусия Кыргызстандын ӨКМне Ми-8 МТВ тик учагын бергенин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы барагында жазды.  

Анын айтымында, бул президент Садыр Жапаровдун орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жүргүзгөн сүйлөшүүсүнүн натыйжасы. 

Ми-8 тик учагы. Сүрөт: Дайырбек Орунбековдун Фейсбук барагы.

Ал ӨКМ тик учактын кошумча шаймандарына да ээ болгонун айтты — медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы, жүргүнчү отургучтары жана башкаларды. Анын айтымында, тик учак азыркы учурда Бишкекке жеткирилген.

Соңку учурда бийлик ӨКМдин техникалык базасын активдүү жаңылап жатат. Алсак, 2023-жылдын февралында ӨКМ 85 өрт өчүрүүчү унаа, 10 авариялык-куткаруучу унаа, 3 автошаты жана 2 штабдык машина алган. Бул техникалар бардык аймактарга бөлүштүрүлүп жатат. Алар кытай грантынын эсебинен алынган.

Мартта Орусия Кыргызстанга беке 40 өрт өчүрүүчү унаа берген.