Кытай Кыргызстанга грант катары 100 өрт өчүрүүчү унаа берди

Кытайдан Кыргызстанга жардам катары заманбап 100 өрт өчүрүүчү унаа келди. Бул тууралуу «Клоопко» 31-январда президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, техникаларды өткөрүп берүү иш-чарасы 1-февралда Бишкектеги борбордук аянтта өтөт. Ага президент Садыр Жапаров өзү катышат.

Кытайдан жардам иретинде 5 тонналык 75 даана өрт өчүрүүчү негизги унаа келген. Ал ал 60 метрге чейин суу чачуу күчтүүлүгүнө ээ.

Ал эми 10 өрт өчүрүүчү 8 тонналык унаа тилсиз жоо менен күрөшүүдө секундасына 50-100 литр суу чачып, жеңилдик жаратат.

Ошондой эле 10 даана өрткө каршы авариялык куткаруу унаасы, «агитация-пропаганда ишине» колдонулуучу 2 автобус жана 50 метрге жеткен 3 автошаты келгени айтылат.

2022-жылы Дүйнөлүк банк Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү унаа алып берген.

Автору: Айзада Кубанычбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ӨКМге 58 жаңы өрт өчүрүүчү унаа алынды