УКМК: Баткен — Ош жолунда 20 кг гашиш жана 10 кг апийим жүктөп бараткандар кармалды

Баткен — Ош унаа жолунун Ноокат районунун аймагында 20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкисин ташып бара жаткан тургундар кармалды. Бул тууралуу 16-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизат ташуу менен алектенген топ 11-октябрда Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын ташып өтүүгө аракет кылган учурда кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды. Учурда аталган ишке катыштыгы бар башка жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери уланууда.

Үстүбүздөгү жылы 29-сентябрда Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизат ташууга айыпталган эки полковник жана милициянын майору мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылган

Кылмышка айыпталгандар өткөн жылы 4-апрелде баңгизаттарды Тажикстандан Lexus-330 үлгүсүндөгү унаада аткезчилик жол менен алып келе жатканда кармалышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: 30 кг баңгизат сатууга аракеттенген милиция кызматкерлери 12 жылга кесилди

Баңгизатка байланышкан иш боюнча ИИМдин дагы бир кызматкери кармалды