Баңгизатка байланышкан иш боюнча ИИМдин дагы бир кызматкери кармалды

Кармалган милиция кызматкери. Сүрөт: УКМК

Милиция кызматкерлери аралашкан баңгизат иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын дагы бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу 5-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, «Телеграм» жана «Вотсап» социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүү жолу аркылуу, жарандардан мыйзамсыз түрдө баңги затын алуу боюнча кылмыштуу топтун мүчөсү болгону аныкталган.

«Жогорудагы кызматкерлер баңгизат сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң шантаж кылышып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң долларга чейин акча каражатын талап кылышкан», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Атайын кызматтан мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар ИИМдин башка кызматкерлерине карата издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин, 17-августта УКМК тарабынан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү учурларын жашыруу жана пара опузалоого шектелип ИИМдин беш кызматкери кармалган болчу.

Кызматкерлер кармалгандан кийин 18 жетекчи жазаланып, алтоо ээлеген кызматынан бошотулган.

Кийинчерээк 22-августта Ички иштер министрлиги өзү да билдирүү тараткан. Анда орусиялык кызга «гашиш» баңгизатын салып коюп, коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алган үч милиционер кармалганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

Бостери: 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиционер кармалды

ЖМК: Бостериде каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу үч милиционер кармалды

УКМК: Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн пара опузалаган ИИМ кызматкерлери кармалды

Баңгизатка байланыштуу беш кызматкер кармалган соң ИИМдин 18 жетекчиси жазаланды