Ош: Дарыкананы тапанча менен тоноп кеткен 18 жаштагы шектүү кармалды

Ош шаарында дарыканалардын бирине тапанча менен кирип, 90 миң сом акча каражатын тоноого шектелген 18 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 17-октябрда шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шектүү 13-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Аскар Шакиров көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын бирине кирип, сатуучуну белгисиз курал менен коркуткан. Ош шаарынын мурда соттолбогон, эч жерде иштебеген тургуну экени аныкталган киши 14-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөдө шектүү карактап алган акчалардын бир бөлүгүн өз кызыкчылыгына иштетип жибергени белгилүү болду. Ал эми анын колундагы Макаров күжүрмөн тапанчасына окшош пневматикалык тапанча экени аныкталып, далил буюм катары алынды.

Ош шаардык соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иштери уланууда.

«Учурдан пайдаланып Ош ШИИБи дагы бир ирет дүкөндөрдүн, дарыканалардын ээлерине коопсуздук чараларын көрүп, соода дүкөндөрүнө тиешелүү видео камераларды, сигнализацияларды орнотуу зарылдыгын жана милициянын күзөт кызматы менен кызматташууну эскертет», — деп билдиришти милициядан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куючу жайды карактоого аракет кылгандар кармалды