Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куючу жайды карактоого аракет кылгандар кармалды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда май куючу жайды карактоого аракет кылды деген шектөө менен 21 жана 18 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу 7-августта «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-августтан 2-августка караган түнү райондук милицияга 37 жаштагы тургун кайрылып, белгисиз адамдар май куюучу жайды карактоо максатында кол салганын кабарлаган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, аталган май куюучу жайга белгисиз эки жаран беттерине медициналык беткаптарды тагып алып киришкени маалым болгон.

«Май куюучу жайдын эшиктерин тээп, айнектерди тапанча менен уруп сындырышып, май куюучу жайдын кызматкерине “Милицияга кабар берсең атып салам” деп коркутушуп, зомбулук көрсөтүшүп, кассадагы акчаны алып кетүүгө аракет кылышкандыгы, жабырлануучу 102 номерине телефон чалган мезгилде белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендиги аныкталган», — деп жазылат билдирүүдө.

Натыйжада кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 21 жаштагы жана 18 жаштагы тургундары кармалды. Далил катары жанынан тапанча, медициналык беткап алынган.

Учурда «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого шектелип бир нече адамдан турган топ кармалган.