Камчыбек Ташиев Кара-Балтада УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

19-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Балта шаарында атайын кызматтын Жайыл райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жайыл районунун акими, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты. 

«Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган», — деп айтылат билдирүүдө. 

5-октябрда УКМКнын Чүй облусунун Токмок шаарындагы жаңы имаратынын ачылышы болгон

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Ачылган имараттардын саны 50дөн ашып калганы менен, каржы булагы ачыкталбайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жумгал: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Ташиев: УКМКнын Ош, Жалал-Абад жана Талас облусундагы бардык имараты жаңыланып бүттү

Жети-Өгүз: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты