Жети-Өгүз: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу 14-августта мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жети-Өгүз районунун акими, башкармалыктын өздүк курамы жана мурда иштеп кеткен ардагерлер катышты.

Атайын кызматтан имарат толук заманбап шарттар менен камсыздалганын белгилешти. Ташиев «УКМКнын кызматкерлери өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн мындан ары да шарттар түзүлө берерин» белгиледи.

«Ал коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуу маанилүү экенин белгилеп, өлкөдө коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан туура он күн мурда президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачкан.

УКМКнын жаңы имараттары

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыкталбайт.

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө УКМКнын 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын аныкташкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Түптө УКМКнын жаңы имараты ачылды

Жапаров менен Ташиев УКМКнын Оштогу жаңы имаратын ачты