Жумгал: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу 11-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жумгал районунун акими Адыбек Набиев, башкармалыктын өздүк курамы, аппараттын кызматкерлери жана мурда иштеп кеткен ардагерлер катышты.

Атайын кызматтан жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылганын белгилешти. Ташиев «УКМКнын кызматкерлери өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн мындан ары да шарттар түзүлө берерин» айтты. 

Ошондой эле УКМКнын төрагасы өлкөдө коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

2-сентябрда УКМКнын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жаңы имаратынын ачылышы болгон. Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери катышкан. 

УКМКнын жаңы имараттары

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыкталбайт.

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө УКМКнын 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан. Андан бери дагы бир нече имарат курулду. 

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын аныкташкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: УКМКнын Ош, Жалал-Абад жана Талас облусундагы бардык имараты жаңыланып бүттү

Жети-Өгүз: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Жапаров менен Ташиев УКМКнын Оштогу жаңы имаратын ачты

Президент УКМКнын Таластагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты