«Палестинага боштондук». Бишкекте жүздөгөн киши тынчтык акциясына чыкты

21-октябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил багында согуштук аракеттер жүрүп жаткан Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясы өттү.

Жүздөгөн киши «Согушка жол жок», «Палестинага боштондук», «Палестинадан колуңду тарт» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Алар Газадагы тургундарга жардам берүү үчүн эсеп ачууну сунушташты.

Тынчтык акциясы өтүп жаткан жерге милиция кызматкерлери келип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, коопсуздукту көзөмөлдөп турганы айтылды.

Газа тилкесиндеги палестиндиктерге гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин буга чейин бир нече депутат парламентте да көтөрүп чыккан.

Газадагы жаңжал

7-октябрда палестиндердин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу (Израилде террористтик деп табылган «Ислам каршылык көрсөтүү кыймылы») Израилди ракета менен аткылаганы кабарланган. Аталган топ Израилди Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин басып алууга айыптаганы айтылган.

Көп өтпөй израиль бийлиги «согуштук абалга» өткөнүн билдирип, Газа тилкесине чаабул койгон. Израиль толугу менен Газаны курчоого киришип, палестиналык анклавка азык-түлүк, күйүүчү май жана электр энергиясын ташуу токтотулганы кабарланган

Акыркы бир нече күндө Израиль менен Ливандын чек арасында да чыңалуу күч алып жатканы айтылат. Ал жерде «Хезболла» тобу аракетке өткөнү, ал эми чека арага чектеш аймактардан тургундар көчүп кетип жатканы белгиленген.

20-октябрга карата Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги 4137 адам каза таап, 13 миңден ашык киши жарадар болгонун кабарласа, Израиль тарап 1400 кишиси каза болуп, дагы 4834ү жаракат алганын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги израил-палестина жаңжалынын курчушуна тынчсызданып жатканын белгилеп, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Израилдеги кырдаал: ТИМ кыргыз жарандарын куралдуу жаңжал болуп жаткан аймакка барбоого чакырды