ТИМ Израиль менен Ливандагы кыргыз жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

20-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израилдеги жана Ливандагы кыргыз жарандарын аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Мындай сунушка Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий абалдын туруксуздугу жана Палестина менен Израилдин ортосундагы жаңжалдын курчушу себеп болду.

Ошондой эле министрлик кыргызстандыктарды чыр-чатакка кабылган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай туурууну эскертти.

Мекемеден күтүлбөгөн кырдаал же шашылыш суроо жаралса Консулдук департаментке +996 999 312 002 номери аркылуу байланышка чыгууну керектигин айтышты.

7-октябрда палестиндердин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди ракета менен аткылаганы кабарланган. ЖМКда аталган топ Израилди Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин басып алууга айыптаганы айтылган.

Ал эми Израилде согуштук абал жарыяланып, чукул кырдаал киргизилген. Израилдин армиясы «Темир кылыч» деп аталган операция баштап, Газа тилкесин ракета менен аткылаган. Ал жерде азыр деле согуштук аракеттер жүрүүдө.

Ошондой эле Израиль менен Ливандын чек арасында да бир нече күндөн бери чыңалуу күч алып жатканы кабарланууда. Ал жерде «Хезболла» тобу аракетке өткөнү, ал эми чека арага чектеш аймактардан тургундар көчүп кетип жатканы айтылат.

20-октябрга карата Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги 4137 адам каза таап, 13 миңден ашыгы жарадар болгонун кабарлады.

Ал эми Израилдин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 1400 киши каза болуп, 4834ү жаракат алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Израилдеги кырдаал: ТИМ кыргыз жарандарын куралдуу жаңжал болуп жаткан аймакка барбоого чакырды