Бишкек: Орус драма театрындагы өрттүн кесепетинен айрым костюмдар күйүп кетти

20-октябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өрт чыгып, костюм жана бут кийимдердин бир бөлүгү күйүп кетти. Бул тууралуу 21-октябрда театрдын директору Сергей Бардаков билдирди.

Анын айтымында, өрт электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыгып, театрдын 6-7-кабатын каптаган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Тилсиз жоонун кесепетинен аталган кабаттардагы костюмдар жана бут кийимдер күйүп кеткен. Ал эми кийимдердин негизги бөлүгү сакталган кампа жана башка кабаттарга зыян келген эмес.

Өрттөн калган ыш жана көөдөн улам 20-21-октябрда коюла турчу спектаклдер экинчи жана 26-ноябрга жылдырылды. Театрга келтирилген чыгымдын өлчөмү азырынча эсептеле элек.

Буга чейин, 2-июлда Оштогу «Боорукердик» үй-интернатында өрт чыгып, эмеректер күйүп кеткен. Анда имараттын 80-90 пайызы жараксыз болуп, 2-3 айда жаңы имараттын курулушу бүткөрүлөрү айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Боорукердик» үй-интернатындагы 15 бала убактылуу фостердик үй-бүлөлөргө берилет