Ош: «Боорукердик» үй-интернатындагы 15 бала убактылуу фостердик үй-бүлөлөргө берилет

«Боорукердик» үй-интернатынын өрттөнгөн имараты. Сүрөт: «Т-Медиа»

Ошто жатаканасы өрттөнүп кеткен «Боорукердик» үй-интернатынын 15 тарбиялануучусу убактылуу фостердик үй-бүлөлөргө берилет. Бул тууралуу 4-июлда «Клоопко» интернаттын жетекчиси Айгүл Калматова билдирди.

Анын айтымында, имараттын курулушу 2-3 айда бүткөрүлүп, балдар интернатка кайтып келишет.

«Имарат өрттөн 80-90 пайыз жараксыз болуп калды. Негизи имарат 60-70 жыл мурда фин тибинде курулуп, эскилиги жетип калган. Учурда Ош шаарындагы атайын окуудан өткөрүлгөн фостердик үй-бүлөлөргө 15 бала убактылуу жайгаштырылды. Жаңы имарат бүткүчө ошол жерде жашап турушат», — деди Калматова.

Ошондой эле жетекчи үй-интернатта жашаган 27 карыя жашаган имарат өрттөн жабыр тартпаганын, аларды тейлөө күнүмдүк режимде уланып жатканын кошумчалады. Ал эми өрттүн эмне себептен чыкканы тууралуу суроого тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу жооп берүүдөн баш тартты.

Ош шаардык милициясынан «Клоопко» интернатта чыккан өрттүн себеби иликтенип башталганын маалымдашты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралып жатат.

«Боорукердик» үй-интернатында 2-июль саат 19:28де өрт чыгып, 198 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Ошондой эле эмеректер өрттөнгөн. 

Кырсык балдар сыртта жүргөндө катталып, эч ким жабыркаган эмес. Өрт ошол эле күнү саат 21:11де толук өчүрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Боорукердик» карылар жана балдар үйүндө өрт чыкты, жабыркагандар жок

Оштогу «Боорукердик» үй-интернатындагы жаңжалды прокуратура териштире баштады