Маданият министрлиги жаштарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго сынак жарыялады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштарды өнүктүрүү, социалдаштыруу, билим берүү, ден соолук, активдүү жарандык катышуу жана кесиптик өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сынак жарыялады

Маалыматка ылайык, мамлекеттик буюртманын негизинде долбоорлорго берилүүчү гранттын эң жогорку көлөмү 1 млн сомду түзөт. Аны ишке ашыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-декабрына чейин деп белгиленди.

Чечүү зарыл болгон социалдык көйгөйлөргө багытталган сынактын темалары менен бул жерден таанышууга болот.

Сынактын катышуучулары конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу салыктары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) болушу шарт. 

Ошондой эле конкурска талапкерлер юридикалык жак катары катталышы керек жана өзүнүн банктык эсеби болушу зарыл. Бир нече коммерциялык эмес уюмдардан түзүлгөн топ биригип катышса болот.

Министрликтен долбоордук сунуштар үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрынан 10-ноябрь саат 17:00гө чейин кабыл алынарын белгилешти.

Маданият министри Алтынбек Максутов Жогорку Кеңештин 20-октябрындагы жыйынында быйыл жаштарды колдоого жалпы 38 млн сом бөлүнгөнүн билдирип, аларды колдоого атайын программа иштелип чыкканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент «Жаштар жөнүндөгү» мыйзамга кол койду