Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте эки баласы менен өлтүрүлгөн аялдын өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу 27-октябрда Октябрь райондук сотунда болгон кезектеги отурумда белгилүү болду.

Анда аял көкүрөк тушуна учтуу темир сайылып, алган жараатынан көп кан жоготуп көз жумганы белгилүү болгон. Канынан алкоголь, спирт табылган эмес.

Шектүү окуя болгон күнү «аял ичимдик ичип, мас болгонун» айткан эле.

Ошондой эле экспертиза 17 жаштагы кыз катуу жаракат алып, боору жарылып кеткенин көрсөткөн. Анын да көкүрөк тушуна бычак болушу мүмкүн делген учтуу темир сайылган. Канынан алкоголь табылган жок.

Ал эми аялдын 8 жашар уулу муунтулганы аныкталды. Маркум бала айыпталуучу Чынтемир Ашыралиевдин уулу болушу толук мүмкүн экени айтылды. Бирок ал экспертиза ДНК-тест эмес экени белгиленди.

Отурумда жабырлануучу тараптын адвокаты айыпталуучудан 4 млн 671 млн сом өндүрүп берүүнү соттон суранды. Анда материалдык чыгым 671 миң сом, моралдык зыян 4 млн сом деп эсептелген.

18-октябрда эки баласы менен өлтүрүлгөн Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы энеси Үрү Дүйшөбаева шектүү жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракеттенип, алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жатканын айткан.

Дүйшөбаева сот процесстери 9 айдан бери уланып, азырга чейин чечим кабыл алынбаганына нааразы болгон.

Үч адамдын өлтүрүлүшү

Бишкектеги 3 адамдын өлүмү тууралуу үстүбүздөгү жылдын февраль айында белгилүү болгон. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 51 жаштагы аялдын, 2005-жылы туулган кызы менен жети жашар баласынын сөөгү табылган.

Адам өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Ал Мамлекеттик күзөт кызматында 15 жыл иштеген, Жогорку Кеңештин депутаттагына Баткен облустук округунан талапкер болгон.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, ал мамиледе болгон 51 жаштагы аялдын 9 жерине бычак сайган. Аял алган жараатынан улам каза болгон.

Андан кийин аялдын 17 жаштагы кызынын бөлмөсүнө кирип аны бычактап, муунткан. Кыз өлдү деп ойлоп, 7 жашар баланын бөлмөсүнө бет алып, уктап жаткан баланы жаздык менен тупчуктуруп өлтүргөн. Ал учурда кыз аман калып, адам өлтүргүчтөн качыш үчүн терезеден секирип кеткен. Кыздын кулап түшкөнү көзөмөл камерасына жазылып калган.

Андан соң Аширалиев кызды алып келүү үчүн төмөн түшкөн. Подъездден көзөмөл камерасын байкап калып аны сындырууга аракет кылган, бирок аракетинен майнап чыккан эмес. Андан соң киши сыртка чыгып, кыздын сөөгүн батирге алып кирген — мунун баары камерага түшүп калган. Алып кирген соң Аширалиев кызды ваннага жаткырып, сууга чөктүргөн.

Айыптоочу тарап Аширалиев кылмышты башка өңүткө өзгөртүүгө аракет кылганын билдирген: шектүү «каза болгон аял мас болуп кызы менен уруша кетип, кызы апасын өлтүрүп өз өмүрүн кыйган» деген элес калтыргысы келген. Ал үчүн айыпталуучу бир бөтөлкө арак сатып келип, кошумча жаракат келтирип кыздын денесине бычакты сайып койгон деп белгилешет айыптоочулар.

Ошондой эле Аширалиевдин акыл-эси жайында болуп, кылган аракетине толук жооп бергени,кылмыш жасаган учурда мас болбогону айтылган.

Жыл сайын буга окшогон адам өлтүрүүлөр Кыргызстанда ондоп катталат, аялдар күйөөсүнүн, жарандык никедеги чогуу жашаган адамынын же мурдагы өнөктөшүнүн колунан өлөт. Эл аралык тажрыйбада адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.