Жапаров менен Ташиев Каркыра жергесинде жаңы чек ара бекетин ачты

28-октябрда президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жергесинде жайгашкан жаңы «Чаар-Кудук» көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты.

Маалыматта өткөрүү пунктунун курулушу 2023-жылдын сентябрында башталып, кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылганы айтылды.

Жаңы бөлүктүн өздүк курамы деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан чек аранын алыскы жана кыйла татаал тилкесин кайтарат.

«Аталган бекеттин чек арачылары чек араны кайтаруудан тышкары, чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөө жана "Үч-Суу", "Кичи-Чоң-Жыңалач" жана "Турук" жайлоолоруна кире беришинде мамлекеттик чек арада чек ара режимин сактоону ишке ашырат», — деп кошумчалашты президенттик администрациядан.

Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Баткендеги «Ак-Сарай» жана «Максат» чек ара заставаларынын ачылыш аземи болгон. Аны менен катар «Жаштык» жана «Чоң-Талаа» чек ара посттору да толугу менен жаңыланган.

УКМКдан жаңы курулган имараттарда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөнүн кабарлашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде «Ак-Сарай» жана «Максат» чек ара заставалары ачылды