Баткенде «Ак-Сарай» жана «Максат» чек ара заставалары ачылды

Баткенде «Ак-Сарай» жана «Максат» чек ара заставаларынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу 29-майда атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, салтанат 28-майда чек арачылардын күнүндө болгон. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү катышты.

УКМКдан жаңы курулган имараттарда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөнүн билдиришти.

«Эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фелдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтотуу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсү эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалганы, балдар үчүн ойноочу аянтча да бар экени кошумчаланды.
Муну менен катар «Жаштык» жана «Чоң-Талаа» чек ара посттору да толугу менен жаңыланып, чек арачыларга тапшырылды.

28-майда Кыргызстанда чек арачылар күнү белгиленди. Быйыл Чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 24 жыл толду.