ИИМ: Бишкекте министрликтин кызматкери баңгизат менен кармалды

Бишкек шаарында «баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өлкөдөгү министрликтердин биринин жетектөөчү адиси кармалды. Бул тууралуу 30-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-октябрь саат 21:40та Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунан 34 жаштагы тургун кармалган. Аны кармоо учурунда ал «тоголок формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган».

Кармалган тургундун жашаган жерин териштирүү учурунда 10 даана баңги каражаты табылып, алынган. Ошондой эле андан жалпы 18 даана буюм алынды. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, алынган баңгизаттардын «гашиш» экени аныкталды.

Учурда шектүү тергөө абагына киргизилип, териштирүү иштери уланып жатат.

Буга чейин Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизат ташууга айыпталган эки полковник жана милициянын майору мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылган.

Кылмышка айыпталуучулар Ош облусунун тургундары өткөн жылы 4-апрелде баңгизаттарды Тажикстандан Lexus-330 үлгүсүндөгү унаада аткезчилик жол менен алып келе жатканда кармалышкан. Алардын бири — 49 жаштагы Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы болгон. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Баңгизатка байланышкан иш боюнча ИИМдин дагы бир кызматкери кармалды

Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

Баңгизатка байланыштуу беш кызматкер кармалган соң ИИМдин 18 жетекчиси жазаланды

УКМК: Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн пара опузалаган ИИМ кызматкерлери кармалды