Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

Бишкекте баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалганын Ички иштер министрлиги 22-августта кабарлады.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына Орусиянын жараны арыз менен кайрылган. Арыз ээси окуя 20-апрелде, Бишкектеги кафелердин биринде болгонун, милиция кызматкерлери жана бейтаныш кыз ага «гашиш» салып коюп, коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын айткан.

Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй Чүй облустук милициясынын үч кызматкери кармалды. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан беш күн мурда, 17-августта, УКМК тарабынан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү учурларын жашыруу жана пара опузалоого шектелип ИИМдин дагы беш кызматкери кармалган болчу.

Маалыматка караганда, алар синтетикалык баңгизат сатып алган кишилерди аныктап, кармлаган учурда камерага тартышкан. Видеолор кармалгандардан акча опузалоо үчүн колдонулганы айтылат.

Кызматкерлер кармалгандан кийин 18 жетекчи жазаланып, алтоо ээлеген кызматынан бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Бостериде каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу үч милиционер кармалды

УКМК: Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн пара опузалаган ИИМ кызматкерлери кармалды

Баңгизатка байланыштуу беш кызматкер кармалган соң ИИМдин 18 жетекчиси жазаланды