«Секс талкуу» подкастын биринчилерден болуп көргүңүз келеби? Талкууга катышыңыз

«Клооп» сексуалдык зордук-зомбулук көйгөйүн алдын алууга багытталган «Секс талкуу» подкастынын экинчи сезонуна кызыккандарды 9-ноябрда талкууга чакырат.

Сиз талкууга катышуу менен сексуалдык зордук-зомбулуктун айрым түрлөрү тууралуу маалымат алып, маселе жөнүндө өз пикириңизди билдирип, чечүү жолдорун сунуштай аласыз.

Талкуу коомдогу зордук-зомбулук көйгөйүн тереңден түшүнүүгө, көрүүчүлөрдүн подкастка болгон кызыгуусун анализдөөгө жана ага жараша чечимдерди кабыл алууга жардам берет.

Катышуучулар 18 жаштан жогору болушу керек. Талкуу Бишкекте өтөт, аймактан келүүнү каалагандарга жатакана, жол кире каралган эмес. Катышуу үчүн төмөнкү билдирмени толтуруңуз. Талкуу өтө турчу жер жана так убактысы тандоодон өткөндөргө кабарланат.