АКШ өкмөтү Кыргызстандагы бала бакчаларды жакшыртууга 3 млн доллар бөлдү

Иллюстративдик сүрөт

Америка кошмо штаттарынын өкмөтү Кыргызстандагы бала бакчаларды жакшыртууга 3 млн доллар акча каражат бөлдү. Бул тууралуу 30-октябрда балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун расмий ачылышында айтылды.

WE CARE деп аталган долбоор мектепке чейинки курактагы балдардын сапаттуу өнүгүшү жана балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча мекемелерди түзүү аркылуу ишкер аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга багытталган. 

Ага ылайык, долбоор кийинки үч жылда 100дөн ашык балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерине жардам көрсөтөт жана 700дөн ашык мугалимдер менен тарбиячыларды окутат.

Маалыматка караганда, демилге Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана Ага Хан фондунун кызматташуусунун негизинде  ишке ашырылат.

«Билим берүү жана илим министрлиги балдарды эрте өнүктүрүүгө багытталган  программаларды колдогон баардык демилгелерди формасына карабай жеке менчикпи же мамлекеттикпи ар дайым кубаттайт жана колдоого алат», — деп билдирди Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева.

Өлкөдө бала бакча жетишсиз. Акыркы маалыматы ылайык, Кыргызстандагы жаш балдардын 76%ы мектепке чейинки билим алуу менен камсыздалган эмес. 1 миллон 118 миң баланын ичинен 200 миңи гана бала бакчага барат.

Үстүбүздөгү жылдын март айында министрлер кабинети «Өкмөттүк акселераторлор» методологиясынын негизинде 100 күндүк реформалоо программасын ишке киргизген. Ага ылайык, жеке жактар патенттин негизинде үйлөрүндө бала бакча ача алышат. Мындай жол менен өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүнүн тартыштыгы көйгөйүн чечүү пландалууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир цитата менен: Кыргызстанда балдардын 76 пайызы бала бакчага барбайт

Билим берүү министрлиги: Өлкөдө 550дөн ашык кыска мөөнөтүү бала бакча ачылат

Жеке менчик бала бакчалардын ээлери бирдиктүү салыкты төлөөдөн бошотулду