Бир цитата менен: Кыргызстанда балдардын 76 пайызы бала бакчага барбайт

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда жаш балдардын 76%ы мектепке чейинки билим алуу менен камсыздалган эмес. Бул тууралуу 24-апрелде Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева билдирди.

«Бизде мектепке чейинки билим берүүнү камсыздоо татаал абалда. Расмий статистикага ылайык, 1 миллон 118 миң баланын ичинен 200 миңи гана бала бакчага барат — бул жалпы 24%ды түзөт. Балдардын 900 миңи бала бакчага каттабай эрте курактагы өнүгүүдөн артта калышат», — деп билдирди Чынбаева.

Ошондой эле ал «мектепке чейинки билим берүүнүн жоктугу баланын келечектеги жетишкендигине таасирин тийгизерин» кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын март айында министрлер кабинети «Өкмөттүк акселераторлор» методологиясынын негизинде 100 күндүк реформалоо программасын ишке киргизген. Ага ылайык, жеке жактар патенттин негизинде үйлөрүндө бала бакча ача алышат.

Мындай жол менен өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүнүн тартыштыгы көйгөйүн чечүү пландалууда.

Пилоттук долбоордун алкагында 14-апрелден баштап Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорунда үйүндө бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерди каттоо башталган.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөдө жеке жактар 100 күндүк реформа программасы боюнча үй шартында бала бакча ача алат