Билим берүү министрлиги: Өлкөдө 550дөн ашык кыска мөөнөтүү бала бакча ачылат

Кыргызстандын аймактарында 560 кыска мөөнөтүү бала бакча ачылып, 40 миңге чукул бала тарбияланат. Бул тууралуу «Клоопко» 27-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыска мөөнөтүү бакчада балдарды өнүктүрүү программасына кадимкий эле убакыт бөлүнөт. Балдар үч саат бекер тарбияланат, бирок ал жерде уйку жана тамак берүү каралган эмес.

Бакчалар «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен уюштурулат. 2023-жылдын аягына чейин 100 бакчаны ишке берүү пландалууда.

Биринчи долбоордун алкагында Ошко 135, Жалал-Абадга 115, Нарынга 76, Ысык-Көлгө 57, Чүйгө 64, Баткенге 30 жана Таласка 23 кыска мөөнөттүү бала бакча уюштурулат.

Ал эми экинчи долбоордун алкагында Жалал-Абадга 15, Ошко 12, Таласка 11, Чүйгө 9, Ысык-Көлгө 5, Баткенге 4 бала бакча уюштурулуп, бул бакчалар үч саат иш алып барат. Мындан ташкары 60 өнүктүрүү борбору ачылат.

Министрлик кыска мөөнөттүү бала бакча уюштууга жергиликтүү бийликтерден өтүнмө алып, 560 имараттын тизмесин бекиткен. Учурда 133 бала бакчада жана 29 өнүктүрүү борборунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Жакында дагы 122 имаратта ондоо иштери башталат.

Билдирүүдө имараттар эмерек, килем, оюнчук жана өнүгүү үчүн материалдар менен камсыздалып, ар бир бакчага заманбап оюн аянтчалары орнотулары айтылат.

«Жергиликтүү бийлик бир бөлмө үчүн өтүнмө берсе, демек ал жерде 25 баладан турган бир тайпа ачылат жана нөөмөт менен 50 баланы камтый алат. Эгер, эки бөлмө сунушталса, 100, үч бөлмө сунушталса, 150 баланы камтыса болот. Эки нөөмөткө бир тарбиячы деп болжолдонгон, алар эртең менен бир, түштөн кийин бир тайпаны карайт, айлык акысы Каржы министрлиги тарабынан төлөнөт», — дешти министрликтен.

Өлкөдө бала бакча жетишсиз. Акыркы маалыматы ылайык, Кыргызстандагы жаш балдардын 76%ы мектепке чейинки билим алуу менен камсыздалган эмес. 1 миллон 118 миң баланын ичинен 200 миңи гана бала бакчага барат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мамлекет жакында мектеп жана бала бакча курганды токтотот — Садыр Жапаров

Жеке менчик бала бакчалардын ээлери бирдиктүү салыкты төлөөдөн бошотулду