Жеке менчик бала бакчалардын ээлери бирдиктүү салыкты төлөөдөн бошотулду

Мамлекеттик салык кызматы мектепке чейинки билим берүү кызматтын көрсөткөн ишкерлер бирдиктүү салык төлөөдөн жана ал боюнча отчёт берүүдөн бошотулганын билдирди. Жеке бала бакчалардын ээлерине болгону жеке ишкер катары каттоого туруп, өзүнө камсыздандыруу полисин алуусу гана жетиштүү. 

Ошондой эле салык кызматы бала бакчалардын кызматкерлери электрондук патент жана полис алышы керектигин билдирди. Алар дагы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттары боюнча отчёт берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырып турушу кажет. 

«Мындан тышкары, жогоруда аталган токтом менен жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги иштин түрлөрү жаңы иштин түрү менен толукталды. Эми мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызмат көрсөткөн жеке жактар, тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы, бала багуучу, ашпозчу жана педагогдор патенттин негизинде иштешет», —дешти салык кызматынан.

Электрондук патентти salyk.kg сайтынан «Жеке салык кабинети» функциясы аркылуу сатып алуу керек. «Жеке кабинетке» жеткиликтүүлүк алуу боюнча нускаманы бул шилтемеден тапса болот

 Автору: Акылай Курманова