Камактагы порноишкер Даниел Ажиев УКМКдан кутулууга аракет кылбай эле, 500 миң долларды мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Буга каражатты өткөрүп алуунун токтому далил боло алат. Көчүрмөнүн сүрөтү атайын кызмат шектүү тергөөнү сатып алууга аракет кылды деген билдирүү тараткандан кийин Ажиевдин инстаграм барагына жарыяланган. «Клооп» документтин чын-бышыгын тастыктоону суранып УКМКга кат жолдогон. 

2023-жылдын 28-июлунда чыккан, УКМКнын улук тергөөчүсү Т.М.Абдухалыков кол койгон акча каражатын өткөрүп алуу тууралуу токтом порномагнаттын барагына 17-октябрда чыккан. «Клооп» анын сторисин скриншот жасап калууга үлгүргөн.

Документте Ажиев тергөөнүн жүрүшүндө «өз ыктыяры менен мамлекеттин пайдасына 500 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын өткөрүп берүү ниетин билдирди» деп айтылат. Ошондой эле быйыл 28-июлда Ажиевдин жубайы аталган акчаны күйөөсүнүн атынан «өз каалоосу менен берүү максатында» УКМКга алып келип бергени, ал эми атайын кызматтын тергөөчүсү акчаны УКМКнын финансылык башкармалыгына сактоого өткөрүп бергени айтылат.

УКМК Ажиевди быйыл июнь айында «вебкам-судиялардын ишин координациялоочу трансулуттук кылмыштуу топту уюштурууга» шектеп кармаган. Тергөө Ажиев 300дөн ашуун вебкам-модель, операторлор иштеген топту жетектегенин аныктаган. Атайын кызмат таянып жаткан алдын ала маалыматтарга ылайык, Ажиев өзүнүн «кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн» айына 300 миң доллар таап турган.


AKIpress басылмасы 17-октябрда өздүк булактарына таянып, Ажиев мамлекеттик бюджетке «демөөрчүлүк салым» катары 44 млн сом которгонун да билдирген.
 

Ошол эле күнү УКМК бул маалыматты төгүнгө чыгарып, Ажиевди тергөөнү сатып алууга аракет кылды деп айыптаган. Ажиев «баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү үчүн акы катары, тергөөгө көшөрүп 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын сунуштаган», деп билдирген ошондо комитеттин басма сөз кызматы. «Жыйынтыгында Д.Ажиевдин жубайынан 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты алынып, мыйзамда белгиленген тартипте тергөөнүн алкагында камакка алынган. Демек, Д.Ажиевдин КР бюджетине өз ыктыяры менен каражат салганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана анын жүйөлөрү негизсиз жана коомчулукту адаштырууга гана багытталган», — деп билдиришкен мекемеден.

Бирок ошол эле күнү, 17-октябрда, Ажиевдин инстаграм аккаунтунда ачыкка чыгарылган каражатты алуу жөнүндө токтом башканы айтып турат. 

Эгер ошол документ чын эле бар болсо, анда эмне үчүн УКМК бүгүн порноишкер мамлекетке жарым миллион доллар өткөрүп бергенин танып жатат?

Коомчулукту кимиси адаштырууга аракет кылып жатканын билүү үчүн «Клооп» УКМКга документтин чын-бышыгын тастыктап же төгүнгө чыгарууну суранып, расмий кат жазды — каттын жообу маалымат алуу мыйзамына ылайык 13-ноябрда келиши керек.
  

Соцтармактарда байманалуу жашоосун көрсөтүп мактанган белгилүү бизнесмен Даниел Ажиев мурда да порнография жасоого шектелип кармалганы маалым. Ажиев өзүнүн видеокайрылуусунда кыргызстандыктарга шек келтирип, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулун кылмыштуулукка айыптап чыккандан кийин коомчулукка кеңири таанылган.  

Авторлор: Арууке Солтоной, Виктор Мухин

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

Порномагнат атыккан Даниел Ажиев УКМК кармаганга чейин кандай турмушта жашаган?