УКМК: Ири вебкам-студиянын ээси Даниэль Ажиев Өзбекстанда кармалды

Кыргызстанда «трансулуттук ири вебкам-студия тармагына» бөгөт коюлуп, негиздөөчүсү Даниэль Ажиев Өзбекстанда кармалды. Бул тууралуу 5-июнда УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, вебкам-студиянын активдүү үч мүчөсү Э.А. аттуу кишинин арызы боюнча кармалды. Ал вебкам-студияда оператор болуп иштеп жүргөндө администратору ага психологиялык басым жасап, коркутуу жолу менен андан 2000 доллар талап кылганын айткан.

Бул маалымат Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү жүргүзүүгө негиз болгон. Ал жерден 30 оператор ар кандай сайтта акча үчүн интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүү ишин уюштурганы аныкталып, 80 даана компьютер табылган.

«Топтун мүчөлөрү Ажиев тарабынан чет өлкөдө түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан. Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт», — деп белгилешти атайын кызматтан. 

УКМКдан бул боюнча тиешелүү далилдер алынып, кылмыштуу топтун үч мүчөсү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынганын белгилешти.

«Ажиев жоопкерчиликтен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенине байланыштуу ага издөө жарыяланган. Ал Бириккен Араб Эмирлигине учууга аракет кылып жатканда УКМКнын талабы менен Өзбекстандан кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлүп берилди», — дешти атайын кызматтан.

Даниел Ажиев эмнеси менен белгилүү?

2020-жылы Даниэль Ажиев вебкам бизнес менен алектенерин айткан. Ал 2018-жылы батиринде вебкам студия уюштурганы үчүн кармалган. Анда Ажиев 30 миң сомдук айып пулга жыгылган.

Ажиевге байланыштуу эң чуулгандуу окуя 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда болгон. Анда Ажиев «Интернет тармагы аркылуу расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси боюнча кыргыздар тууралуу кемсинткен сөздөрдү айтканы үчүн кармалган.

Ажиев коронавируска каршы күрөшүү үчүн өкмөттүн ачкан эсебине 7 млн сом которгонун билдирген. Бирок соцтүйүндүн колдонуучулары анын иши тууралуу айтып, кескин сынга алышкан. Ага жооп катары Ажиев видео жаздырып, «кыргыз эли, силер “конченный далбоёбсуңар”, бүт алты миллиондун баары!» деп айткан.

Бирок коомдо Ажиевдин кармалганын анын шаардык кеңештин депутаты, парламенттин экс-депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго даректеп айткан сөздөрү менен байланыштырышкан. 

Абжалиев — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анда Ажиев Токобеков кабылган жол кырсыгын да эскерген. Ал окуяда төрт адам ажал тапкан. Ажиев «жол кырсыгына Токобеков күнөөлүү» деп айткан.

Ажиев бир нече ай ТИЗОдо жатып, кийин психиатриялык ооруканага дарыланууга которулган. Ал жерден 2021-жылы чыккан.