Бишкекте жаңы санитардык полигон ачылды

Бишкекте 31-октябрда жаңы санитардык полигондун ачылышы болду. Бул тууралуу Европа биримдигинин Кыргызстандыгы өкүлчүлүгү билдирди.

1,9 млн метр кубду түзгөн полигон шаарга катуу тиричилик калдыктарын он жыл бою коопсуз жок кылууга мүмкүндүк берери белгиленет. Ал кир сууну (жыты ачуу булганган суюктук) кармап, тазалоого жана анын жер астындагы сууларга кошулуп, булгануусуна жол бербөөчү гидроизоляция системасы менен жабдылган.

«Жаңы таштанды полигону коммуналдык кызматтарды, шаардагы абанын сапатын бир топ жакшыртат жана Бишкектин экологиялык жактан таза болушуна көмөктөшөт», — деди ЕБдин элчиси Мэрилин Йосефсон полигонду ачып жатканда сүйлөгөн сөзүндө.

Жаңы таштанды полигонунун курулушу Бишкекте таштандыны чогултуу ишин жакшыртуу, жабдууларды жаңыртуу жана чыгындыларды азайтуу боюнча долбоордун компоненттеринин бири болуп эсептелет. Долбоорду ишке ашырууга Европа реконстркциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 22 млн евро кредит, ал эми Европа биримдиги 8 млн евро гранттык каражат бөлгөн.

Түшкөн каражатка «Тазалык» муниципалдык ишканасы заманбап таштанды чогултуучу машиналарды жана алардын ишине көзөмөл жүргүзүү үчүн  GPS-навигацияларды сатып алганы белгиленет. Ошондой таштанды чогултуучу жаңы түйүндөр курулган.

2015-жылы ЕРӨБ Бишкектин чет жакасында жаңы санитардык полигон куруу долбоорун колдогон, объект 2021-жылдын июнуна чейин пайда болушу керек болчу. Жаңы полигондун аймагында таштанды сорттоочу завод да курулмакчы болгон.

Банк бул максаттарга 22 млн евро бөлгөн. Объект 2021-жылдын июнуна чейин бүтүшү керек болчу, бирок 2021-жылдын октябрында жалданмачы ЕРӨБ бөлгөн 22 млн евронун ичинен 10,5 млнун өздөштүрүп, ал эми алынган милдеттенме ошол бойдон аткарылбай калганы анык болгон.   

2022-жылдын апрелинде Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды иргөөчү заводду куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы бузууларга байланыштуу төрт кылмыш иши козголгонун билдирген.

Санитардык полигондун маселесине депутаттар да кызыккан. Ал үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, комиссиянын ишинин жыйынтыгы текшерүү үчүн Коопсуздук кеңешине жөнөтүлгөн. Депутат Мирлан Самыйкожо «долбоор 10 жыл мурда ишке ашырылып баштап, бөлүнгөн акча болсо жок экенин» билдирген.

2023-жылдын мартында Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталганын билдирген. Ал заводду 45 млн долларга Чехиянын Re Green компаниясы куруп берерин айткан.