Депуттар бала бакчада тамак-ашты ата энелер төлөйт деген ченемди алып салмай болду

Депутат Мирлан Самыйкожо бала бакчаларда ысык тамак мамлекеттин эсебинен төлөнүшү үчүн «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына сөзсүз өзгөртүү киргизилерин билдирди. Бул тууралуу ал 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Өткөндө, өзүңүздөр билесиздер, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы келген өкмөт тарабынан. Ошол мыйзам келген кезде ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчалардагы ысык тамак ата-энелерге жүктөлсүн деген пункт келип калыптыр. Ошол пунктту азыр соцкомитет менен кайрадан алуу боюнча иш алып барып жатабыз. Андан кийин ошол бала бакчалардагы тамак берүү системасын ата-энелер төлөбөй, кайрадан мамлекетке жүктөлө тургандай өзгөртүү сөзсүз киргизилет», — деди ал.

Буга чейин өлкөнүн бала бакчаларында балдардын тамак ашы толугу менен ата-энелердин мойнуна жүктөлөрү, себеби «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамда тамак-аштын жарымын жергиликтүү бийлик органдары каржылаган ченем жокко чыкканы белгилүү болгон. Бул мыйзам августта кабыл алынган.

Бирок Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жаңы ченем азырынча күчүнө кире элек, ошондуктан мамлекет бала бакчада балдардын тамак-ашынын жарымын төлөөнү улантып жатат. Билим берүү министрлиги Министрлек кабинетинин тийиштүү токтомун күтүүдө.

Касымова «азыр бардыгы мурдагыдай эле калып жатат, ата-энелер тамактын жарымын төлөп жатышат, калган жарымы жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинен каржыланып жатат» деп билдирген.

Өкмөттүн 2008-жылкы токтомуна ылайык, бюджеттен бала бакчада окуган тарбиялануучунун бир күндүк тамагына 18 сом бөлүнүп, дагы 18 сомду ата-энелер кошуп турган.

Бирок, Касымованын айтымында, бул каражат балдардын тамак-ашына жетпегендиктен, ата-энелер бала бакчалардын жетекчилери менен биргеликте жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин негизинде бөлүнүүчү каражатты көбөйтүшкөн. Бул каражаттар аймакка же шаарга жараша 60 сомдон 120 сого чейин чыгат, мисалы, Бишкекте бала бакчада баланын тамактануусуна күн сайын 120 сом бөлүнөт.