Караколдо сөөгү кудуктан табылган өспүрүм видео кайрылуу калтырганы белгилүү болду

Иллюстративдик сүрөт

Билим берүү министрлиги 31-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында сөөгү кудуктан табылган 13 жаштагы өспүрүм телефонуна видео кайрылуу жаздырып калтырганын билдирди

Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын окуучусу 30-октябрь күнү сабакка толук катышып, саат 17:50дө мектептен чыкан бойдон үйүнө барган эмес. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардан болчу. 

«Класс жетекчисине окуучунун апасы саат 18:35те билдирген, ошол учурдан тартып класс жетекчиси, ата-энелер, окуучулар, мектеп администрациясы топторго бѳлүнүп, издѳѳ иштерин баштаган. Ошол эле убакта милиция кызматкерлерине кабарлашып, алар дагы издөө ишине катышышкан. Ошол эле күнү саат 22:35те баланын сөөгү табылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен эртеси күнү, 31-октябрда баланын уюлдук телефону табылганын, анда видео кайрылуу жазылганын кошумчалашты. Видеонун мазмуну тууралуу маалымат берилген жок. 

Бул факт Каракол ШИИБине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

27-октябрда Каракол шаарында 9-класстын окуучусу электрондук тамеки колдонгону үчүн ата-энеси тилдегенден кийин өз өмүрүнө кол салган. Анын өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министрлиги Караколдо өз өмүрүнө кол салган окуучу тууралуу маалымат берди