Билим берүү министрлиги Караколдо өз өмүрүнө кол салган окуучу тууралуу маалымат берди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 9-класстын окуучусу электрондук тамеки колдонгону үчүн ата-энеси тилдегенден кийин өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги 28-октябрда тастыктады.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь кечки саат 21:30 чамасында Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу өз өмүрүнө кол салып, каза болгон. 

«27-октябрда каза болгон баланын апасы уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жатканын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган», — деп айтылат билдирүүдө. 

Каза болгон баланын апасы №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Аны менен катар, министрлик электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча «депутаттардын демилгесин колдоорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүү керек экенин» билдирди.

Буга чейин, октябрда Жалал-Абад шаарында окуучу кыз мектептин экинчи кабатынан боюн таштап, буту сынган. Анын мындай кадамга баруусуна «мугалими телефонун алып койгону» себеп болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мугалими телефонун алып койгон». Жалал-Абадда окуучу кыз экинчи кабаттан секирип кетти