«Репрессиядан 85 жыл өттү, а биз ошол эле бойдон». Адахан Мадумаров абактан кат жолдоду

«Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясынын лидери Адахан Мадумаров абактан кат жазды. Саясатчынын кайрылуусу 3-ноябрда жарыяланды.

Мадумаров мындан туура 85 жыл мурда, 1938-жылы 4-ноябрда күнөөлүү деп табылып, атууга кеткен репрессиянын курмандыктарын эскерип, буйрук бергендер жазаланбаганына токтолду.

Саясатчы «атылгандардын баары 19 жылдан кийин акталып, бирок, өмүрү кайтарылган жок» деп белгиледи. Ал курман болгондордун жакындары жан дүйнөнү сыздаткан уулуу сөздөрдү угушканын кошумчалап, «алардан ким кечирим сурады» деп суроо салды.

Мадумаров «бүгүнкү күндө да элим аман, жерим бүтүн деген эр азаматтар “эл душманы”, “чыккынчы”, “эл бузар” деген атка ээ болуп отурушканын» белгиледи.

«Бүгүн да өз оюңду айтуу, өлкөнүн келечеги жөнүндө пикир билдирүү, жөн эле адам катары сүйлөп койсоң сен "эл душманы", же "чыккынчысың". Натыйжада кайран кыргыз ой жүгүртүүгө, келечекти көрө билген, бир аз эрктүү жигит кыздарыңдан кол жууп, дагы канчалаган жылдар жалдырама, пикирсиз, эрксиз, жетелеме эл бойдон калаар бекенбиз. 85 жыл өттү, а биз дале ошол, ошол…», — деп жыйынтыктады ал.

Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна камалган. Ага «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган.

Абактагы Мадумаров 26-октябрда Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. 2-ноябрда кайрадан УКМКнын ТИЗОсуна которулду.

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялаган эмес.

Мадумаров өзү бул документ юридикалык күчкө ээ эместигин айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчүндө калганын, анын негизинде тажик тарап Төрт-Көчө участогун талашып жатканын белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Адахан Мадумаров кардиологиялык ооруканага жаткырылды