«Юридикалык күчкө ээ эмес кагаз үчүн мынча кыйкырып жатасың?» Адахан Мадумаров протокол тууралуу

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 20-январда «Азаттык» үналгысынын «Эксперттер талдайт» берүүсүндө 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жер боюнча кабыл алынган протокол боюнча түшүндүрмө берди.

Мадумаровдун айтымында, бул протокол 2009-жылы Кыргызстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жумушчу жолугушуусунда кабыл алынган. Ошондуктан андагы чечимдерди сунуш катары баалоо керектигин айтат.

«“Сабаттуумун” деген кишилерге суроо бергим келет: расмий жолугушуу менен расмий эмес жолугушуунун эмне айырмасы бар? Мен билемин, жообун ала албаймын. Андан ары кетейин: “президенттердин ыйгарым укуктарын алып” деп сүйлөп жатат — президенттин ыйгарым укуктарын эч ким бере албайт, эч ким ала албайт [...] Бул жумушчу топтун сунушун алып келебиз дагы, өкмөткө беребиз. Андан кийин эки өлкөнүн комиссиясы ушунун аркасында иштейт “бул жери бизге жагат, бул жери жакпайт, бул жерин алып салабыз, бул жерин токтотобуз” деп экинчи баскычына өтөт. Андан кийин үчүнчү баскычына өтөт: “өкмөттөр аралык” деген», — деди Мадумаров.

Мадумаров Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттөр аралык жолугушуусу 2009-жылдын 24-декабрында өткөнүн билдирди. Анын айтымында, анда эки тарап протоколдогу айрым пункттар «кошумча каралат» деген чечим кабыл алышкан.

«Ошону менен бул кагаз [протокол] таптакыр өзүнүн күчүн жоготот. Анан [президент Садыр Жапаров] айтып жатат: “тиги [тажик] тарап көрсөтүп жатпайбы” деп, көрсөтөт да. Ошондуктан булар Мадумаровду жоо көрбөш керек, булар аларга айтышы керек: “кечирип койгула, бул жумушчу топтун кагазы”. Мына Жапаров да кечээ айтып жатат: анын [Мадумаровдун] кол койгон кагазы юридикалык күчкө ээ эмес”. Ээ болбосо эмнеге мынча кыйкырып жатасың?» — деп суроо салды Мадумаров.

Чуу жараткан протокол

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялаган эмес.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Мадумаров бул иштин алкагында 14-январдан тарта Башкы прокуратурага сурак берүүдө.

«Кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык»

Президент Садыр Жапаров Мадумаров кол койгон протокол боюнча бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Жапаровдун айтымында, Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатат. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Ал эми парламенттик шайлоо маалында Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген.

Өлкө башчы 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, «Бүтүн Кыргызстандын» лидерин кескин сындап, Мадумаров кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.

«Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин “артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат” деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, “артымда элим бар” деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет», — деген Жапаров.

Ал эми Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин Жапаровду сынга алып, ал бир эле учурда «башкы прокурор, сот жана тергөөчүнүн милдетин аткарып жатканын билбептирмин» деп нааразы болду.

«Бул менимче өтө чоң маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деп отурган киши бир аз китептерди карап окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат», — деген Мадумаров.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Дагы чыр кылабыз деп отурасыңарбы?» Азимбек Бекназаров Мадумаровго каршы көрсөтмө бербегенин айтты

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты

«Президент элди адаштырып жатат». «Бүтүн Кыргызстан» Мадумаровду коргоп кайрылуу жасады