Адахан Мадумаров кардиологиялык ооруканага жаткырылды

Депутат, «Бүтүн Кыргызстан» оппозициячыл партиясынын лидери Адахан Мадумаров академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу фракцияга таянып «Азаттык» жазды.

Мадумаровдун партиялашы депутат Гуля Кожокулованын айтымында, саясатчы камалган УКМКнын тергөө абагынын башчысы Саламаттык сактоо министрлигине кат түрүндө кайрылган. Кожокулова ооруканага барганын кошумчалады

«Албетте, конвой кайтарып атат, эч кимди жолотпой жатышат», – деди ал. 

Буга чейин адвокаттары Мадумаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин билдиришкен. Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова 10-октябрда Мадумаровдун жүрөгү ооруп калгандыктан тез арада операция жасатуу керектигин айткан.

Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Мадумаров УКМКнын ТИЗОсунда камакта болчу. 

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялаган эмес.

Мадумаров өзү бул документ юридикалык күчкө ээ эместигин айткан, ал эми  президент Садыр Жапаров протокол күчүндө калганын, анын негизинде тажик тарап Төрт-Көчө участогун талашып жатканын белгилеген