Аалымдар кеңеши Палестинага руханий жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 6-ноябрда билдирүү таратып, кыргызстандыктарды палестиналыктарга жихадга барбай, руханий жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырды

Билдирүүдө Аалымдар кеңеши «Израилдин Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргынын адамзаттыкка каршы кылмыш деп айыптап» жатканы айтылат. Ошондой эле билдирүүдө «бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы экени» белгиленет. 

«Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө элдери айыптап, тезирээк токтотууну талап кылышууда. Биз, Кыргызстан өлкөсү географиялык жактан алыс жайгашканыбызга байланыштуу, моралдык жана материалдык жардамыбызды берүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эл чогулган жерлерде, мечит-медреселерде, жума намазга келген жамааттар менен, жадагалса ар бир мусулмандын жеке ибадаттарында Палестина эли үчүн дуба кылууга чакырабыз. Эң негизгиси, материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

КМДБнын Аалымдар кеңеши. Сүрөт: Муфтияттын басма сөз кызматы.

Муфтияттын Аалымдар кеңеши палестин-израиль согушуна байланыштуу соцтармактардагы ар кандай чакырыктарды да иликтеп чыгышканын айтышты.

«Жыйынтыгында мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоциалдык сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз», — деп белгилешти алар.

Кыргызстандын палестин-израиль согушуна карата реакциясы 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги палестин-израиль жаңжалынын курчушуна байланыштуу бир нече жолу расмий билдирүү жасаган.  

9-октябрда Палестинадагы ХАМАС кыймылы Израилге кол салгандан кийин ведомство «Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген палестин-израиль жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып жатканын» билдирген. ТИМ өз кайрылуусунда Кыргызстан «тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырары» айтылган.  

Өлкөнүн ТИМи 18-октябрда дагы билдирүү жасап, анда Газа секторундагы «ооруканага аскердик соккуну кескин айыптаган». Кыргызстан «бул эл аралык гуманитардык укук бузууну ар тараптуу иликтөөгө» чакырары жана палестин-израиль жаңжалын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактай турганы белгиленген.

Ал эми 20-октябрда тышкы саясий мекеме Кыргызстандын Израиль жана Ливандагы жарандарына бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү, ошондой эле чыр-чатакка кабылган Жакын Чыгыш өлкөлөрүнө сапарга баруудан баш тартууну сунуштаган.

21-октябрда Бишкекте Газа секторунун тургундарын колдоо боюнча өткөн акция. Сүрөт: Кундуз Кызылжарова / RFE/RL.

Мындан тышкары, Бишкекте 21 жана 28-октябрь күндөрү Газа секторунун тургундарын колдоо акциялары өткөн. Акцияга адамдар «Согушту токтоткула», «Терроризмди токтоткула», «Эркин Палестина» деген жана башка жазуулар бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан. «Азаттык» билдиргендей, акциянын катышуучулары 21-октябрда Газа секторунда жашаган палестиналыктарды колдоо үчүн атайын эсеп ачууну демилгелешкен. 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары «палестин-израиль жаңжалы курчуп кеткенинен улам жабыркаган палестин элине материалдык жардам катары» бир күндүк маянасын которууну чечишкен.