Бишкекке алгачкы электробустар 2024-жылы келет

Бишкекке алгачкы электробустар 2024-жылдын биринчи жарымында келет. 7-ноябрда Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкуловго таянып билдирди.

Сазыкуловдун айтымында, учурда жалпы 120 электробус сатып алынды.

«120 электробус эмдиги жылы 1-2-кварталда келип калат. Электр энергиясы менен жүрүүчү бул автобустар өтө ыңгайлуу. Троллейбустай сапаты жакшы, ага караганда мобилдүү. Бир заряд менен 300 чакырымга чейин жүрө алат», — деп билдирди вице-мэр.

Бул электробустар Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) каражатына сатылып алынат. Банк электробустарды сатып алууга жалпы 50 млн 650 миң доллар бөлүп, анын жарымы насыя, ал эми калганы грант катары каралган.

Буга чейин Бишкек мэриясы борбор калаада коомдук транспорт жетишсиз экенин билдирген. Бийлик бул маселени жаңы автобустарды алып келүү менен чечүүгө аракет кылууда.

Быйыл май айында президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Zhongtong bus Holding Co. заводуна барган. Жыйынтыгында, Кыргызстан бул компаниядан 1000 автобус сатып алаары белгилүү болгон

Бишкекке алгачкы автобустар август айынан тарта келе баштаган. Мэриянын маалыматы боюнча, 1000 автобустун баары Бишкекке 2024-жылдын экинчи кварталына чейин келмекчи.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан кылмыш ишине тиешеси бар кытайлык компаниядан 1000 автобус сатып алат