Кыргызстан кылмыш ишине тиешеси бар кытайлык компаниядан 1000 автобус сатып алат

Быйыл Кыргызстан Кыйтайдан газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алат. Автобустарды өндүрүүчү — кытайлык Zhongtong bus Holding Co LTD заводу. Ишкана мурда «Атайылап пайдасыз келишим түзүү» беренеси боюна козголгон кылмыш ишине катыштыгы бар

20-майда президент Садыр Жапаровдун Кыйтайга болгон иш-сапарында Цзинань шаарындагы Zhongtong bus Holding Co LTD заводуна барып, ал жердеги иш менен таанышты. Анда Кыргызстан үчүн 1000-автобус чыгарылды.

«Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобус сатылып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган автобустардын 500ү быйыл, калганы кийинки жылы алып келинет. Бирок президенттин басма сөз кызматы аларды сатып алууга канча каражат сарпталганын маалымдаган жок.

Кытайлык компания менен түзүлгөн пайдасыз келишим

Өткөн жылы прокуратура «Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасын»жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүлгөнүн аныктаган.

Анда ишкана 2022-жылдын 15-августунда Zhongtong bus Holding Co LTD компаниясынан 120 даана автобус алып келүү боюнча «мыйзамсыз келишим түзгөнү» белгилүү болгон. Келишимде автобустар дээрлик 155 млн сомго ашыкча бааланган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу»жана «Атайылап пайдасыз келишим түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Автору: Айжамал Бексултанова