Садыр Жапаров Газа секторундагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Израиль армиясы палестиналык «ХАМАС тобун жок кылуу операциясы» жүргүзүп жаткан Газа тилкесиндеги согушту токтотууга чакырды. Ал Газадагы кырдаалды «гуманитардык кризис» деп атады. 

«Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз», — деп Жапаров Ташкентте өткөн ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинин алкагында билдирди.

Садыр Жапаров ХАМАС тобу менен Израилдин согушу тууралуу алгачкы ирет сөз кылды. Буга чейин бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши жана Тышкы иштер министрлиги билдирүү тараткан. 

Аалымдар кеңеши «Израилдин Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргынын адамзатка каршы кылмыш» деп айыптаган.

Ал эми ТИМ эки тарапты тең айыптабай, согуштук аракеттерди токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогго барууга чакырган.

23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «палестин-израиль жаңжалы курчуп кеткенинен улам жабыркаган палестин элине материалдык жардам катары» бир күндүк маянасын которууну чечишкен.

7-октябрда ХАМАС радикал тобунун күчтөрү Израилдин түштүгүнө чабуул жасаган. Натыйжада болжол менен 1400 адам каза болуп, эки жүздөн ашуун адам барымтага алынган. Дагы бир нече миңдеген адам жаракат алган.

Израиль буга жооп кылып, Газа тилкесинде «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган. Операциянын максаты ХАМАСты толугу менен жок кылуу экени айтылган. 

ХАМАС көзөмөлдөгөн палестин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин операциясы башталгандан бери Газа тилкесинде 10,5 миң адам каза болгон, алардын арасында 4324 бала жана 2800дөн ашуун аял бар. Мындан тышкары, 26 миңден ашуун тургун жаракат алган.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Газа тилкесинде бир миллиондон ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.