Конституциялык сот кыргызстандыктардын матчество алууга укугун жокко чыгарды

Конституциялык сот матчество боюнча чыгарган өзүнүн эле чечимин кайра карап чыкты. Соттун жаңы чечими Конституциялык соттун сайтында жарыяланды.

30-июнда Конституциялык сот жашы жеткен кыргызстандыктарга документтеринде «атасынын атын» калтыруу же матчествону тандоону өз алдынча чечүүгө укук берген чечим чыгарган. Соттун 9-ноябрдагы өкүмүндө «Конституциялык соттун мындай позициясы калктын басымдуу бөлүгү матчество институтун жалпы эле кыргыз элинин адеп-ахлактык негиздерине, баалуулуктарына жана каада-салттарына шек келтирген терс көрүнүш катары кабыл алганына байланыштуу коомчулуктун кеңири нааразылыгын жаратты» деп айтылат.

«Түзүлгөн жагдайды эске алуу менен Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев 2023-жылдын 11-октябрында Конституциялык соттун 2023-жылдын 30-июлундагы матроним институтуна тиешелүү бөлүгүндө чыгарган чечимин кайра карап чыгуу тууралуу көрсөтмө киргизилген. […] Конституциялык сот аталган чечимди чыгаргандан кийин жагдайдын өнүгүшү коомдун социалдык реалдуулуктун жогорку даражасындагы сунушталган өзгөртүүлөргө өтө терс карарын жана коомдун негиздерине дал келбегенин көрсөтүп турат, ал эми мунун өзү Конституциялык кадыр-баркына терс таасирин тийгизип, коомдун конституциялык адилеттигине карата ишенимин кетирет», — деп айтылат чечимде.  

Буга байланыштуу Конституциялык сот 30-июнда чыгарган чечиминдеги пункту жокко чыгарды. Жокко чыккан чечимде Министрлер кабинетине жашы жеткен жарандар отчествонун ордуна матчествону тандап алса боло тургандай кылып, тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырган.    

3-октябрда президент Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамга кирген түзөтүүлөргө кол койгон. Ал Конституциялык сотко өзүнүн эле чыгарган чечимдерин кайра кароого мүмкүндүк берет. Буга чейин соттун чечимдери акыркы болуп, кайра каралууга жатчу эмес.

Эми Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен, төмөнкү учурларда кайра каралышы мүмкүн: чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциясынын ченеми өзгөрсө; чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса; чечим «Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине» карама-каршы келсе.

«Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 17-июлда президент өзү демилгелеген. Түзөтүүлөрдү кабыл алуу керектигин президент Конституциялык соттун судьялары да ката кетириши мүмкүн, ошондуктан аларга ада өз чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүү керек деп түшүндүргөн

Бирок «Медиа Полиси Институтунун» юристтери мыйзам долбооруна комментарий берип, президенттин администрациясы Конституциялык соттун ишине «түз жана ачыктан-ачык эле» кийлигишүүгө аракет кылып жатканын билдиришкен. Алар Конституциялык соттун ишине президенттин кийлигишүүсү автократияга алып келерин айтып, демилгечилерди мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырышкан. Ал эми депутат Дастан Бекешев бийлик Конституциялык сотту «бычып салмай» бол деп билдирген.  

Конституциялык соттун акыркы чечимдеринин бири матчествого байланыштуу болгон. Ал коомчулукта чоң талкуу жараткан, ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев каршы чыгып, «[чечимди]ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын!» деп билдирген.

Ал эми юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков 6-сентябрда парламент талкуусунда мыйзам долбоору «көбүнесе» Конституциялык соттун матчество боюнча чечиминин айынан демилгеленгенин билдирген.