УКМК журналист Мамыркулова менен Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбековду суракка чакырды 

Журналист Канышай Мамыркулова сентябрда кармалган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу фейсбукка Мамыркулова өзү билдирди.  

«“Опшим” “Бүтүн Кыргызстанчы” эмесмин, бирок Замир Шамшидин уулунун иши боюнча саат 14:00го УКМК “чайга чакырды”. Көк чай ичип келе берейин», — деп жазды ал. 

Ушул эле иш боюнча, УКМК бүгүн саат 15:00гө Шамшидин уулунун партиялашы жана кармалган саясатчы Адахан Мадумаровдун жээни — Элмурат Калыбековду да суракка чакырган. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Актилек Орозбеков «Азаттыкка» курган маегинде айтты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү жана Мадумаровдун тарапташы Замирбек Шамшидин уулу 23-сентябрда кармалган. 

Адвокаты Алманбет Бексултановдун айтымында, 8-сентябрда Замирбек Шамшидин уулуна  «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин айыптоо «Массалык баш аламандыктар» беренесине алмаштырылган. Ал 25-сентябрда Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган. 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Азыр ал ТИЗОдо камакта.